Коронавирус: Кыргызстанда обсервацияга алынгандардын саны 528 адамды түздү

Коронавирус: Кыргызстанда обсервацияга алынгандардын саны 528 адамды түздү

Кыргызстанда чет өлкөдөн келген 386 адам, андан сырткары коронавирус аныкталгандар менен чогуу келген 142 адам обсервацияда жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«Обсервациялардын бири «Ганси» авиа базасында даярдалган. Ал жерде бардык шарттар түзүлгөн», — дейт министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, обсервацияларда даараткана, жууна турган жер бар, ошондой эле 3 маал тамак берилет.

Ал эми Сузак районунда коронавирус аныкталган үч жарандын абалы канааттандырарлык. Алардын дене табы 37,5°C болууда. Жөтөл жана саламаттыгы оорлобогонун министр белгилейт.

Белгилей кетсек, Умрадан учуп келген учакта 135 эмес, 144 адам экени аныкталды. Алардын 142си текшерилип, үчөөндө коронавирус аныкталган.

Учурда Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөлдө турат. Дарыгерлер 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштерди, дезинфекциялык чараларды жүргүзүүдө.

Жалал-Абад облусунда эки мобилдик лаборатория иштеп жатат. Облустук ооруканада үч жаран карантинде дарыланып жатса, дагы үч жаран дене табы жогору болгондуктан кармалып турат.

Алардын ичинден эки кишинин коронавируска алынган анализдери таза чыкты, бирөөнүн анализи чыга элек.