Коронавирус: Кыргызстанда Сауд Арабиядан келген үч киши ооруп калды

Коронавирус: Кыргызстанда Сауд Арабиядан келген үч киши ооруп калды

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адам катталды. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды.

«Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», — деди министр.

Министрдин айтымында, ооруга чалдыккандар обсервацияда кармалып турушат.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.