Коронавирус: Кыргызстанда умрадан кайтып, обсервацияга алынгандардын саны өсө баштады

Коронавирус: Кыргызстанда умрадан кайтып, обсервацияга алынгандардын саны өсө баштады

Бүгүн, 18-мартта Сауд Арабияга умрага барып келген дагы 8 жаран карантинге алынды. Алар Баткен облусунун тургундары. Алдын ала маалыматарга караганда, алардын абалы жакшы. Коронавирустун белгилери байкалган эмес.

Карантинге жайгаштырылгандар Сауд Арабия мамлекетинен бир авиакаттамда, Кыргызстанга учуп келишкени маалым болду.

Кичи ажылыкка барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 15, Баткен облусунан 8 кишинин тек-жайы аныкталып, булардын ичинен 60 киши коронавируска текшериш үчүн облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды. 

Мындан сырткары, Жалал-Абад облустунан алынган расмий маалыматка караганда облус боюнча умрага барып келгендер менен жолугушкан 1122 адам (айылдаштары жана туугандары) да такталып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген Сузак районунун тургундары. 

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.