Коронавирус: Кыргызстандагы ички авиа каттамдар дагы толугу менен токтотулууда

Коронавирус: Кыргызстандагы ички авиа каттамдар дагы толугу менен токтотулууда

25-марттан баштап бардык ички авиа каттамдар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу максатында түзүлгөн республикалык штаб кабарлады.

Тиешелүү чечим өлкөдөгү коронавирус боюнча кырдаалга жана республиканын кээ бир район жана шаарларында киргизилген өзгөчө абал жөнүндө президенттин жарлыгына ылайык кабыл алынганы айтылат.

“Өлкө ичинде Республикалык штабдын макулдугу менен атайын авиа каттамдар гана уча алышат”, деп белгилейт КР Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыктарга 24-мартта кол койду.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилмей болду. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Ал аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот жана аскерлер киргизилет. Бул убакта адамдардын жана транспорттун кыймылы толук токтойт. Эрежени бузгандарды милиция кармап кетет, зарыл болсо үч күнгө камайт.

24-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Алардын эң кичүүсү бир жашка толо элек, эң улуусу 86да.