Коронавирус: Кыргызстандан кайткан казак жаранынан коронавирус аныкталды

Коронавирус: Кыргызстандан кайткан казак жаранынан коронавирус аныкталды

Жамбыл облусунун 29 жаштагы тургунунан коронавирус табылды. Бул тууралуу Lenta.kz маалымдайт.

Алардын маалыматында, ал 23-мартта Кыргызстандан барып, 24-март күнү карантинге алынган.

Анализи илдетти ырастап, учурда байланышта болгон адамдар такталууда. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкылардан болуп коронавирус умрага барып келген Сузактын үч жаранынан ырасталды. Алардын бири үй карантининде олтурганына карабай, той өткөргөн.

Андан кийин Ноокаттан умрага барып келген үч аялдан жана Баткен облусунун бир тургунунан илдет табылды. Алар менен чогуу учуп келген жарандар карантинге алынды.

Жалпысынан 25-мартка карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 44 учур катталды.