Коронавирус: Кыргызстандык 200 турист мекенине кайта албай жатышат

Коронавирус: Кыргызстандык 200 турист мекенине кайта албай жатышат

Туристтик сапар менен кеткен 200дөй жаран Кыргызстанга кайтып келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн консулдук кызмат департаментинин орун басары Муса Көчөрбаев маалымат жыйында маалымдады.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Транспорт жана жол министрлиги, ошондой эле Маалымат, маданият жана туризм министрлиги иш алып барышууда. Алар азыр маршруттарды карап чыгышууда.

“Жарандардын келиш акысын төлөө келишими менен алдырып алууга мүмкүнчүлүктөр каралып жатат. Менчик туркомпаниялар бул маселе боюнча кайрылышууда, алар дагы көмөк көрсөтүүгө даяр. Туристтердин коопсуздугу боюнча келишимге кол коюлган. Биздин жарандар Гоа, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдөн келе алышпайт. Алар ал жака Казакстан коронавирусту алдын алуу ирээтинде өзгөчө тартибин киргизгенге чейин кетишкен”, - дейт Муса Көчөрбаев.

Эске сала кетсек, Казакстанда коронавирус күч алып жаткандыгына байланыштуу өзгөчө тартиптерди кабыл алышкан.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жугузган үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келгендер экени такталды. 

Эске салсак, 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келишкен жарандардын үчөөнөн илдет аныкталган.

Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген эркек кишилер. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.