Коронавирус: Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди

Коронавирус: Кыргызстанга Польшадан медицина адистери келди

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы менен Польшадан сегиз медициналык кызматкерден турган топ келди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда польшалык дарыгерлер  Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө жергиликтүү дарыгерлерге жардам беришет. Эки өлкөнүн адистери бул багытта тажрыйба алмашышмакчы.

Буга чейин коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан жана Польшадан дарыгерлер келе турганы айтылган болчу. Эми Кытайдан 15 дарыгерден турган топтун келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Коронавирусту жугузгандардын жалпы саны 568 кишиге жетти.  Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.