30.01.2020 09:00

"Коронавирус Кыргызстанга жетти" деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды

"Коронавирус Кыргызстанга жетти" деп жалган маалымат тараткан жаран кармалды

«Кыргызстанда коронавирус катталды» деген такталбаган, чагымчыл материалдарды WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу таратып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалым болгондой, шектүү Орусияда жашап иштеп жүргөн 28 жаштагы мигрант болуп чыкты. Аны табыш үчүн Орусиядагы ИИМ өкүлдөрү Мыйзамсыз миграция жана экстремизмге каршы аракет көрүү боюнча кызматы менен биргеликте иликтөө жүргүзүшкөн.

«Жыйынтыгында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун 1992-жылы туулган Ж.Ы. аттуу тургуну (Москвада кампалардын биринде иштейт) маалыматтарды таратып жүргөнү аныкталды. Ага жалган маалымат таратканы үчүн жазага тартылары эскертилди», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, чагымчыл мүнөздөгү маалымат коомчулукка тез тарап, эл арасында кооптонууну пайда кылууда.

Ж.Ы. күнөөсүн моюнуна алып, материалдарды интернет булактарынан, ошондой эле Казакстанда жүргүзүлгөн коронавируска каршы реакция кылууга окутуу сабактарынан алганын билдирген.