19.03.2020 15:07

Коронавирус: Депутаттардын демилгеси кырнеттин кыжырын кайнатты

Коронавирус: Депутаттардын демилгеси кырнеттин кыжырын кайнатты

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары #Ынтымак аттуу флешмоб уюштурушуп, социалдык тармактарда сынга кабылышты.

Бүгүн, парламентарийлер пленардык отурумда дүрбөлөңгө түшпөй, ынтымактуу болууга чакырык таштаган жазуучуларды көтөрүп, сүрөткө түшүшкөн.  

Социалдык тармактардын колдоонуучулары четте калбай, депутаттарга жооп кайтарышты. Аталган флешмоб кырнеттин колдонуучуларынын кыжырын кайнатты десек болот.