Коронавирус: Кытайдан 24 кыргыз, 18 кытай жараны Кыргызстанга келишти

Коронавирус: Кытайдан 24 кыргыз, 18 кытай жараны Кыргызстанга келишти

28-29-январь күндөрү Кыргызстанга Кытайдан 42 киши келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, келгендердин 24ү кыргызстандык, калган 18и кытайлык жарандар.

«Келгендердин баары тепловизордун жардамы менен медициналык процедурадан өтүштү, аларда оорунун белгилери табылган жок. Москва районундагы ооруканада 6 киши, Сокулук районунда 3 киши жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык, дарыгерлер көзөмөлдөшүүдө. Калган 33 киши андан ары жашаган жеринен медициналык көзөмөлдөн өтүшү үчүн үйлөрүнө кое берилди», — деп билдиришти министрликтен.

Ысык-Ата районундагы ооруканада жатышкан 6 студент да чыгарылды.

30-январда санитардык-карантиндик пункттардан 14 миң 445 киши текшерүүдөн өтүштү.

Акыркы маалыматтарга караганда, коронавирусту Кытайдан башка өлкөлөрдө (18 мамлекетте) жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты. Кытайдын өзүндө 30-январга карата 170 адам каза болуп, дагы 8 миңге жакын киши илдетти жуктурганы кабарланган. Мындан тышкары 1 миң 370 адамдын абалы оор экени айтылган.

Эске салсак, эпидемия декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Көптөгөн өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту.

Кытайдын өзүндө болжол менен 60 миллион адам жашаган бир нече шаар карантинге жабылды.