26.02.2020 16:26

Коронавирус: Кытайдан келген студенттер үйлөрүнө чыгарылды

Коронавирус: Кытайдан келген студенттер үйлөрүнө чыгарылды

Үрүмчүдөн Кыргызстанга келип, карантинде жаткан 40 студент үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка караганда, студенттер карантинде 14 күн болушкан. Алардан илдет аныкталган эмес.  

 «Алардын баарынын тең ден соолугу канааттандырарлык. Карантин учурунда студенттер эки жолу текшерүүдөн өтүштү. Тесттин жыйынтыгы жакшы болуп чыкты. Ошондой эле карантин аяктаганга чейин студенттер бир гана дарыгерлер менен жолугушуп жатышты», — дейт министрлик. 

Белгилей кетсек, студенттер алгач «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунан тийиштүү кароодон өтүп, андан кийин медициналык жайга киргизилген.