30.01.2020 15:41

Коронавирус Кытайдын бардык аймактарына тарады

Коронавирус Кытайдын бардык аймактарына тарады

Өпкөнү сезгенткен жаңы коронавирус кулачын кенен жаюууда. Учурда ал Кытайдын бардык провинцияларына тарады.

Бүгүн, 30-январда буга чейин илдет каттала элек Тибет аймагында да бир адам инфекцияны жугузуп алганы аныкталды.

Ал ортодо вирустан каза тапкандардын саны 170 кишиге жетти. Баш-аягы 7700 адам коронавирусту жуктурганы ырасталды.

Дабасы табыла элек бул илдет Кытайдан тышкары дүйнөнүн кеминде 16 өлкөсүндө табылды. Айрым мамлекеттер Кытайдан жарандарын эвакуациялай баштады.

Австралия, Түштүк Корея, Сингапур жана Жаңы Зеландия Кытайдан кайтарылган жарандарын кеминде 2 жума изолятордо кармай турган болду. Кыргызстандын өкмөтү да Кытайдан кайтып келген 12 кыргыз студентинин саламаттыгына ооруканада мониторинг жүргүзүп жатканын билдирген.