Коронавирус: Коменданттык саат 20:00дөн 07:00гө чейин киргизилет

Коронавирус: Коменданттык саат 20:00дөн 07:00гө чейин киргизилет

Коменданттык саат 20:00дөн 07:00гө чейин киргизилет. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлайт.

Маалымат караганда, коменданттык саат эртең, 25-марттан тартып башталат. Бул убакытта жарандардын жана унаалардын жүрүшүнө тыюу салынат.

Борбор каалаанын жана Өзгөчө абал режими киргизилген аймактардын меймандары бүгүн түнкү саат он экиге чейин аталган аймактардан чыгып кетүүсү керек”, - дейт Ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек.

Айтымында коомдук унаалар дагы эртеӊ мененки саат 07:00дөн кечки саат 19:00гө чейин гана иштейт.

“Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк дүкөндөрүнөн, дарыканалардан, банктардан жана күнүмдүк камсыздоо чөйрөлөрүнүн объекттеринен сырткары, бүт баары жабык болот”, - КР ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев.