28.03.2020 09:20

Коронавирус: Коменданттык саат учурунда 157 киши кармалган

Коронавирус: Коменданттык саат учурунда 157 киши кармалган

Коронавирусту алдын алуу максатында Бишкек шаарына киргизилген коменданттык саат маалында 157 киши кармалган. Бул тууралуу республикалык штаб билдирет.

“27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран жана 3 өспүрүм”, - дейт Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, мурдараак тартип бузгандар административдик айыпка жыгылып, өздүгү аныкталганга чейин үч күн камакка алынаары айтылган.

“Бишкекке жалпы 120 пост коюлган. Анын ичинен 79 санитардык-карантиндик пост жана борбор калаанын периметри боюнча 41 пост”, - деп билдирди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын жалпы саны – 58ге жетти. Алардын алтоо реанимацияда.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.