21.03.2020 13:30

Коронавирус: Коопсуздук кеңеши өкмөткө өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

Коронавирус: Коопсуздук кеңеши өкмөткө өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши премьер-министрге өлкө аймагында 22-марттан тарта бир айлык мөөнөт менен өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында өлкө аймагында коронавирусту жайылтпоонун чаралары талкууланды.

Коопсуздук кеңеши премьер-министрге 22-марттан тарта өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режимин жарыялоону сунуштады. Ага ылайык, өкмөт менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттердин ыкчам планын иштеп чыгат.

Маалыматка караганда, өлкөдө чукул кырдаал режими киргизилгени үчүн 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус илдети Кыргызстандагы 12 адамда аныкталды. Буга байланыштуу вирустун белгилери табылган адамдар жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Учурда дүйнө боюнча COVID-19 вирусун 265 миңден ашык адам жугузуп алган. Алардын ичинен 11 миңден ашыгы каза болду. Ал эми 90 миң адам айыгып чыккан.