13.03.2020 15:31

Коронавирус: Коңшу Казакстанда илдетке чалдыккан эки учур катталды

Коронавирус: Коңшу Казакстанда илдетке чалдыккан эки учур катталды

Казакстанда жакында Германиядан келген эки казак жаранынан COVID-19 вирусу табылды. Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов 13-мартта билдирди.

"Алар Алматыдагы стационарга жаткырылды. Клиникалык белгилери жок. Абалы жакшы. Керектүү чаралардын баары көрүлүп жатат", - деди Биртанов.

Ал бейтаптардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта "эки башка учак менен" Казакстанга келишкенин, алардан башка учактагы 12 адам карантинге алынганын кошумчалады.

Буга чейин казак бийлиги өлкөдө коомдук жыйындарды, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган. Ошондой эле мектептерде окуу токтотулуп, окуучулар 16-марттан 5-апрелге чейин каникулга тарашкан.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз өкмөтү коронавирус боюнча маалымат жыйынын өткөргөн.

Жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган эместигин жана эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экендигин билдирген.