10.04.2020 09:00

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 116 миллион сомго жакын каражат топтолду

Коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсепке 116 миллион сомго жакын каражат топтолду

Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн атайын эсепке түшкөн акчанын жалпы суммасы 9-апрелге карата 116 млн. 808 миң 450 сомду түздү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Марлен Амандыков маалымдады.

“Анын ичинен комиссиянын чечими менен 38 млн. 559 миң 300 сом медициналык кызматкерлерге кошумча каражат катары төлөөгө бөлүнгөн. Анын ичинен 1 млн. 900 миң бөлүнүп берилди”, - деди министр.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган экинчи депозиттик эсепке бүгүнкү күнгө карата 7 млн. 839 миң сом чогулган.