16.04.2020 13:03

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан 15 адис келет

Коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга Кытайдан 15 адис келет

Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөшкө жардам бериш үчүн Кытайдан адистер келгени жатат. Бул тууралуу 16-апрелде Коронавируска каршы республикалык штабда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингинде белгилүү болду.

Кытайдан 15 адис келе турганы маалым болгону жөнүндөгү суроого ал:

«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун биздеги кеңсеси менен бирге чет элден келген консультант-дарыгерлердин иштөө шарттарын тактап, даярдык көрүп жатабыз. Келгенде биздин түндүк аймакта да, түштүк аймакта да иштей тургандай шарт түзгөнгө аракет кылып жаткан кезибиз», - деп жооп берди.

Бүгүн, 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталды. Жалпысынан СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 466 кишиге жетти. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 251 аял, 215 эркек. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.