11.03.2020 09:00

Коронавирус менен күрөшүүдө АКШ Кыргызстанга кол кабыш кылат

Коронавирус менен күрөшүүдө АКШ Кыргызстанга кол кабыш кылат

Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу максатында илдеттен жеке сактануучу каражаттар 11-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылат. Аларды АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тапшырат. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери ал каражаттарды колдонуунун эрежелерин түшүндүрүшөт.

Өткөн аптада Дүйнөлүк банк коронавирус менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам бериш үчүн атайын фонд түзүлүп жатканын, андай өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар экенин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар катталган жок. Илдеттин өлкөдө жайылышынын алдын алыш үчүн чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Эпидемиологиялык абал курч өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандар Кыргызстанга киргизилбейт, ал эми жергиликтүү жарандар эки жумалык карантинге алынууда.