Коронавирус: Мугалимдер дагы 8-апрелге чейин тарашты

Коронавирус: Мугалимдер дагы 8-апрелге чейин тарашты

Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер 8-апрелге чейин карантинге жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эми алар окутууларын үй шартында дистанттык түрдө өткөрүшөт.

Маалыматка ылайык, баардык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүнчү чейректи жыйынтыкташып, жасаган иштери тууралуу отчет тапшырышты. Директорлор санитардык тазалоо аракеттерин уюштурушту.

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин карантинге таратылды.

Ал эми, 11-класстын окуучуларын ЖОЖго даярдоо үчүн мектеп директорлору мугалимдер менен биргеликте иш алып барышат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдары, бала бакчалар 8-апрелге чейин карантинге алынды.