Коронавирус: Нарында дагы бир киши илдетке шектелип карантинге алынды

Коронавирус: Нарында дагы бир киши илдетке шектелип карантинге алынды

Нарындын Ак-Талаа районунда Япониядан келген жаран коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Turmush сайты жазды.

Малыматка караганда, Чолок-Кайың айылынын тургуну 14-мартта Токио—Москва—Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга учуп келип, 15-март күнү аталган айылга келген. Ал үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турган.

Бирок 19-мартта дене табы көтөрүлүп, тамагы кызарып калгандыктан тез жардам унаасы аркылуу райондук жугуштуу оорулар бөлүмүнө жеткирилип, 14 күндүк карантинге алынган.

Андан сырткары 2019-жылдын 12-декабрынан 2020-жылдын 16-мартына чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылында дааватта болушкан Кызыл-Белес айылынын 4 тургуну жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, 14 күнгө карантинге алынды.

5 тургунду айылдан алып келген унаалар жана райондук оорукананын айланасы дезинфециялоодон өткөрүлдү.

«Илдетке байланыштуу алынып келген 5 жарандан дароо кан алынып, облустук лабораторияга жиберилди. Анализ чыгып келмейинче бул жарандар 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болот», — деди аймактык оорукананын башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева.

20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны алтыга жетти.