Коронавирус: Ноокатта дагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Коронавирус: Ноокатта дагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тиешелүү чечимди Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиев кабылдаганын Республикалык штаб кабарлады.

Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаал учурунда төмөндөгүдөй чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:

  • коомдук тартиптин сакталышы, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо ишмердигин жана транспорттун иштешин камсыздоочу объектилерди коргоо күчөтүлсүн;
  • эл көп чогулган объектилердин ишмердүүлүгү токтотулсун;
  • райондук штабдык мүчөлөрүнөн сырткары, транспорттун бардык түрлөрү менен Ноокат районунун аймагына кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан чыгууга чектөө киргизилсин.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта чыккан. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек аба каттамы менен кайтып келген.