Коронавирус: Обсервацияда жаткан 122 жаран үй карантинине чыгарылат

Коронавирус: Обсервацияда жаткан 122 жаран үй карантинине чыгарылат

Коронавируска шектелип, бирок карантинде жаткан учурда илдеттин белгилери байкалбаган 122 жаран обсервациядан чыгарылат. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб маалымдайт.

Медицина мекемелеринде изоляцияга алынган 122 адамда коронавирустун белгилери жана жогорку температура байкалган. Алар 2-3 жолудан лабораториялык, клиникалык текшерүүлөрдөн өтүшкөн. Андан кийин вирустун белгилери жоголуп, өздөрүн толук кандуу жакшы сезгенден кийин алар үй карантинине чыгарылат”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 26-мартка карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаңы учурлар катталган эмес. Учурда өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учуру аныкталган, алардын ичинен:

  • Ош облусунда – 20 учур,
  • Жалал-Абад облусунда – 19 учур,
  • Бишкек ш. – 3 учур,
  • Чүй облусунда – 1 учур,
  • Баткен облусунда – 1 учур.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот,