Коронавирус: Ош шаарында коомдук транспорт токтотулду

Бүгүн, 20-марттан тарта Ош шаарындагы коомдук транспорт токтотулат.

Бул тууралуу коронавирус коркунучуна байланыштуу түзүлгөн штаб кабарлап, "Көчөгө чыкпаңыздар!" деп эскертти.

18-мартта Сузак районунда, 20-мартта Ноокатта өзгөчө абал жарыяланды. 

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстанда 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталган. Бүгүн, 20-мартта Ноокаттык үч улгайган айымдан чыкты.

Алтоонун тең абалы канааттандырарлык. Баары Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгени аныкталды.