Коронавирус: Ошто базарлар менен унаа жуучу жайлар жабылууда

Коронавирус: Ошто базарлар менен унаа жуучу жайлар жабылууда

Ош шаарында базарлар убактылуу жабылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы расмий баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, Ош шарындагы унаа жуучу жайлар менен автотетиктерди саткан базарлар убактылуу жабылат. Мындай чечимди Ош шаардык муниципалиети коронавирусту алдын алуу иретинде кабыл алды.

Республикалфык штабдын маалыматына караганда, Ош шаарында ирибазар жабылат: борбордук, унаа тетик, буюм-тайым жана «Келечек» базарлары. Мындай чаралар профилактикалык аракеттердин негизинде кабыл алынууда. Ал эми азык-түлүк саткан базарлар менен дарыканалар мурдагыдай эле тартипте иштейт.

Мурдараак Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Тиешелүү чечимди Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиев кабылдаганын Республикалык штаб кабарлады.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта чыккан. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек аба каттамы менен кайтып келген.