28.03.2020 10:39

Коронавирус: Путиндин кол алдындагы кызматкери илдетти жугузуп алды

Коронавирус: Путиндин кол алдындагы кызматкери илдетти жугузуп алды

Күн мурун, 27-мартта Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация мүчөсү коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.

Маалыматка караганда, илдетке чалдыккан кызматкер орус лидери менен түз байланышта болгон эмес. Ал эми президенттин администрациясы бейтаптын аты-жөнүн ачыкташкан жок.

«Коронавирустун жайылышын ооздукташ үчүн бардык тийиштүү санитардык жана эпидемиологиялык чаралар көрүлдү. Ооруп калган адам президент менен байланышта болгон эмес», - Дмитрий Песков.

Орус бийлиги өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган адамдардын саны миңден ашканын билдирди. Үч адам бул оорудан каза тапты.