17.03.2020 11:01

Коронавирус: Россия илдетти жайылтпоо максатында чек арасын жабат

Коронавирус: Россия илдетти жайылтпоо максатында чек арасын жабат

Эртең, 18-марттан тарта 1-майга чейин Россиянын аймагына чет өлкөлөрдүн жарандары кире албайт. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын жарандары бар.

Мындай чечим Россиянын өкмөтү тарабынан коронавирус эпидемиясына байланыштуу кабыл алынган.

Ал эми дипломаттар, расмий делегациялар, машинисттер, учкучтар жана моряктар, ошондой эле Россияда туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга бул чектөө тиешелүү эмес. Өкмөттүн расмий сайтында Россиянын жараны эмес болгон чет өлкөлүк жарандардын киришин чектөө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушуна туура келе турганы айтылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Россиянын аймагында коронавирус жуктурган 93 адам бар.