30.01.2020 16:46

Коронавирус: Россия Кытай менен чек араларын толугу менен жапты

Коронавирус: Россия Кытай менен чек араларын толугу менен жапты

Коронавирустун токтоосуз жайылып жатканынан улам Россия Кытай менен чек араларын жабууну чечти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда белгилүү болду.

Тиешелүү чечимди орус премьер-министри Михаил Мишустин өкмөттүн жыйынында жарыялады. Ал Кытай менен чек ара дароо жабыларын эскертти.

Буйрукка бүгүн кол коюлду жана ал иштей баштады. Биз Ыраакы Чыгыш аймагында чек аранын жабылышына байланыштуу чаралар жана өкмөт көрүп жаткан башка иш-аракеттер тууралуу бардык жарандарга тиешелүү маалыматтарды берет, - деди Мишустин.

Ал Орусиянын аймагында Кытайдан чыккан жаңы вирусту жугузгандар жок экенин белгиледи.

Кытайдын өзүндө өпкөнү сезгенткен инфекцияны 7700 адам жугузганы, кеминде 170 адам каза тапканы ырасталды.