03.02.2020 17:29

Коронавирус: Россия жугуштуу дартка чалдыккан чет элдиктерди өлкөдөн чыгарат

Коронавирус: Россия жугуштуу дартка чалдыккан чет элдиктерди өлкөдөн чыгарат

Бүгүн, 3-февралда Орусияда өкмөттүн жыйыны өттү. Көңүл чордонундагы маселе коронавирус болду. Андан улам премьер-министр Михаил Мишустин жугуштуу дарттын белгилери аныкталган чет элдиктерди Россиядан чыгараарын жар салды.

 “Эми жаңы вирус өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмесине кирди. Бул илдетти жугузуп алган чет өлкөлүктөрдү депортациялоого мүмкүнчүлүк берет. Биз алды менен өз жарандарыбыздын коопсуздугу жана саламаттыгы тууралуу ойлонушубуз керек- деди Мишустин.

Ал ошондой эле Сочиде ушул айда өтө турган инвестициялык форум вирустан улам жылдырылганын билдирди.

Орусияда коронавирус жугузуп алган Кытайдын эки жараны катталган. Орус өкмөт башчысынын билдирүүсүнөн бир аз мурда Кошмо Штаттар Кытайдын вирус тараган Хубей провинциясынан жарандарын чыгарып кетүүнү пландап жатканын билдирген. Расмий Бээжин Вашингтонду окуяга ашкере маани берип жатканы үчүн айыптады. Анткени андан мурда АКШ биринчилерден болуп дипломаттарын чыгарып кетүүнү сунуш кылган жана алгачкылардан болуп кытайлык туристтерге АКШга кирүүгө чектөө киргизген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2-февралга карата Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 360тан ашты. Ал эми дүйнө жүзү боюнча бул илдетти жугузуп алгандардын саны 17 300дүн тегерегинде.