27.02.2020 09:00

Коронавирус: Илдет Пакистан менен Россияда жайыла баштады

Коронавирус: Илдет Пакистан менен Россияда жайыла баштады

Россияда үч адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги жазды.

Алардын билдирүүсүндө, бейтаптар Diamond Princess лайнеринен Казан шаарына алынып келгендер.

23-февралда лайнердеги сегиз Россия жараны өлкөсүнө келген.

Ушул тапта бул өлкөдө коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн деген шек менен карантинде жаткандардын саны 8 миңден ашык.

Ал эми Пакистандын саламаттыкты сактоо министри Зафар Мирза күн мурун, 26-февралда өлкөдө вируска чалдыккан эки адам катталганын билдирди.

Коңшулаш Иранда илдеттен 19 киши өлгөнү расмий кабарланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киануш Жаханпурдун 26-февралда маалымдаганы боюнча, өлкөнүн ар кайсы аймактарында 139 адам ооруну жуктурган.

Акыркы маалыматтар боюнча коронавирустан каза болгондордун саны 2 миң 760га жетти. Аны 80 миң 994 киши жуктурду. Японияда 170 киши илдетке чалдыкты.