Коронавирус: Стамбулдан кайткан айрым кыргыз жарандары илдетти жуктуруп алышкан

Коронавирус: Стамбулдан кайткан айрым кыргыз жарандары илдетти жуктуруп алышкан

Өткөн жумада Түркиянын Стамбул шаарынан алып келинген кыргызстандыктардын айрымдары коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, 17-апрелде Бишкекке 200дөн ашык мекендеш чартердик рейс менен келген. Алар учактан эле тейленип, дароо обсервацияга жөнөтүлгөн.

“Келгендердин баарынан лабораториялык анализ алынган. Арасынан COVID-19 жуктурганы тастыкталгандар дагы чыкты. Алар ооруканада дарыланып жатышат. Калгандарына тыкыр медициналык көзөмөл жүргүзүп, изоляторго кармап, кайра текшерип, жыйынтыгы терс экенин көрсөтсө үй карантинине чыгарабыз”, — деди Үсөнбаев.

Ошондой эле ал жарандар 14 күн карантинге алынарын, анан дагы бир ирет лабораториялык анализ жасаларын кошумчалады. Ошону менен эле чектелбей, дагы 14 күнгө обочолонууга милдеттендирилип, жалпысынан 28 күнгө чейин медиктердин көзөмөлүндө болорун белгиледи.

Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 162 медициналык кызматкерлер ооруп калышты.  

302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.

Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.