18.03.2020 11:10

Коронавирус: Сузакта өзгөчө кырдаал киргизилди

Коронавирус: Сузакта өзгөчө кырдаал киргизилди

Сузак районунун аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди. Жарандык коргонуу комисиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу райондун акими Эрмек Ормошев билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.

Эске салсак, 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан келишкен жарандардын үчөөнөн илдет аныкталган.

Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген эркек кишилер. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.

Өткөн жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 деп аталган, өпкөнү сезгентүүчү оору үч ай ичинде дүйнөнү каптап, 7 миңден ашуун адам оорудан көз жумду. 180 миңден ашуун киши ооруга чалдыкты.

Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен коронавирус өткөн аптанын соңунда Казакстанда жана Өзбекстанда катталган.