Коронавирус: Таласта дагы бир киши обсервацияга алынганын саламаттык сактоо министрлиги тастыктады

Коронавирус: Таласта дагы бир киши обсервацияга алынганын саламаттык сактоо министрлиги тастыктады

Таласта коронавируска шектелген бир адам обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

Ага, Талас облусунда бир жаран коронавирус күмөнү менен обсервацияга жаткырылды деген маалымат туурабы деген суроо берилип, Исаков ал маалыматты тастыктады.

«Ооба, бир жаран обсервацияга жаткырылды», — деди Исаков.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Сузак районунда (Жалал-Абад облусунда) үч адамда коронавирус аныкталган. Алар 12-март күнү Сауд Арабиясынан келишкен. Мындан улам Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Умрага барып келген кыргызстандыктардын ичинен Жалал-Абад облусунун 51, Ысык-Көл облусунан 1, Баткен облусунан 8 киши облустардын аймактарындагы ооруканаларга жаткырылды.