29.03.2020 09:00

Коронавирус: Түркияда илдеттен көз жумгандардын саны арбыды

Коронавирус: Түркияда илдеттен көз жумгандардын саны арбыды

Күн мурун, 28-мартта Түркияда коронавирустан көз жумгандардын сагы 108 кишиге жетти. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, вирусту жугузуп алгандардын саны 7402 ашты. Ошол эле маалда 70 бейтап сакайып кетти.

Министрлик коронавирусту жугузуп алгандардын арасында полиция кызматкерлери, дарыгерлер жана футболисттер да бар экенин маалымдады.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында аба майданын жапты. Аймактар арасында автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Түркияда өзгөчө кырдаал киргизилген эмес, бирок жашы 65 жаштан жогоруларга көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Өлкөдө мектептер, жогорку окуу жайлары, соода борборлору жана коомдук жайлар убактылуу жабылды. Бийлик жергиликтүү калкты үйдө отуруп, эл көп жерлерге барбоого үндөп жатат.

Түркияда расмий 30 миңден ашуун кыргызстандык катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенишет.