Коронавирус түрмөгө жетти. Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери илдетке чалдыкты

Коронавирус түрмөгө жетти. Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкери илдетке чалдыкты

Бишкектеги №1 тергөө абагында бир кызматкердин анализинен коронавирус табылды. Бул тууралуу 8-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Азыр эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат. Тегерегинде лабораториялык дагы изилдөөлөр бар. Жыйынтыгы менен маалымат болот", - дейт Нурболот Үсөнбаев.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) 7-майда билдирүү таратып, жабык жайларда коронавирус илдетине чалдыккан адам катталбаганын  билдирген.

Мекеменин басма сөз кызматы буга чейин айрым басылмаларга Бишкектеги №1 тергөө абагынын кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталганы тууралуу жазылган маалыматты четке каккан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда COVID-19 вирусун 906 киши жуктурган. Ичинен 650сү илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. 244 бейтап ооруканада, 6 жарандын абалы оор, кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус илдетинен 12 жаран көз жумду.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режимин 10-майга чейин узартуу чечими кабыл алынган.