03.02.2020 09:00

Коронавирус: Ухандан алынып келген кыргыз жарандары карантинде

Коронавирус: Ухандан алынып келген кыргыз жарандары карантинде

Күн мурун, 2-февралда Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жараны алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, алар Бишкекке казак тараптын жардамы аркасында атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилди.

“Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет”, - деп айтылат маалыматта.

Соңку билдирүүлөргө караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 361 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 17 205 миң кишиге чамалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Акыркы эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.