19.03.2020 12:38

Коронавирус: Улуттук банк насыя төлөмдөрүнүн мөөнөтүн үч айга узартууну сунуштайт

Коронавирус: Улуттук банк насыя төлөмдөрүнүн мөөнөтүн үч айга узартууну сунуштайт

Улуттук банк берилген насыялар боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн 3 айга жылдырууну сунуштайт. Бул тууралуу улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 19-мартта парламентте билдирди.

Айтымында насыя келишиминин шарттары кайра каралып чыга турган болсо кошумча төлөмдөрдү алууга, насыясын убагында төлөй албай калгандарды айыппул төлөтүүгө убактылуу тыюу салынат.

“Мындан тышкары, бүгүнтөн тарта коммерциялык банктарда инспекциялык текшерүүлөрдүн баары коронавируска байланыштуу абал турукташканча токтотулду” деп билдирди Абдыгулов.

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт:

— кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

— кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат;

— берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат;

— кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Улуттук банк алардын ишин жөнгө салат.

18-мартта Сузак районунда үч жергиликтүү тургун коронавирус илдетине чалдыкканы белгилүү болду. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жалпы Кыргызстанда мектеп жана жогорку окуу жайлар үч жумага жабылды. Өкмөт адамдар көп чогулуучу ишмердүүлүккө тыюу салды.