Коронавирус: Умрадан дагы 300 кыргыз жараны кайтып келет

Коронавирус: Умрадан дагы 300 кыргыз жараны кайтып келет

Бүгүн, 18-мартта коронавируска байланыштуу кырдаалга карата саламаттык сактоо министрлиги кезектеги маалымат жыйынын уюштуруп, умрадан Кыргызстанга дагы 300 жаран келээрин билдирди.

Маалыматка караганда, кичи ажылыктан кайткандардын учагы Кыргызстанга 19-20-марттарда келип конот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

"Эртең 100 адам, бүрсүгүнү 200 адам кайтып келет. Бул кооптуу сан эмес. Эгер ошончо оорулуу адам келет десек, корксок болот. Алар оорулуулар эмес, баары биздин жарандар. Биз сөзсүз түрдө баарынан лабораториялык анализ алабыз. Албетте, баарын карантинге алабыз", - дейт Төлө Исаков.

Исаковдун айтымында, Кыргызстандын жалпы аймагында коронавирус коркунучунан улам өзгөчө кырдаал азырынча жарыяланбайт.  

“Анчалыкка жетпейбиз деп ойлойм. Эгер тез жайыла турган болсо, албетте, ойлонуштурабыз. Бирок анчалыкка жетпейт го дейм. Буга азырынча олуттуу негиз да жок", - дейт ал.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.