Коронавирус: Жапония Кыргызстанга илдетти аныктай турчу 2000 тест-система тапшырды

Коронавирус: Жапония Кыргызстанга илдетти аныктай турчу 2000 тест-система тапшырды

Жапония коронавирусту аныктоочу 2000 тест-системаны Кыргызстанга акысыз берди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын Жапониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Жапониянын Жугуштуу оорулар улуттук институтунун башкы директору Такажи Вакита менен жолугуп, Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланган.

Андан сырткары, Такажи Вакита кыргыз элчисине коронавирус (COVID-19) боюнча Жапониядагы учурдагы кырдаал жана анын жайылышына бөгөт коюу чаралары тууралуу толук маалымат берген.

Кыргызстанга келген 2000 тест-системалар Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылган.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам катталды.