05.03.2020 10:20

Коронавирус: Жапонияда мектептер жапырт жабылды

Коронавирус: Жапонияда мектептер жапырт жабылды

Дүйнөнүн үшүн алган коронавирустан улам Японияда мектептер жабылды. Мындай чечимди өлкөнүн өкмөтү кабыл алганын билим берүү, спорт, маданият жана илим министри Коити Хагиуда парламентте билдирди. Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, 5-мартка карата бардык деңгээлдеги мектептерде окуу токтотулду. Окуучулар 2-марттан тарта мөөнөтсүз каникулга таратылган.

5-марттагы маалыматтарга караганда, коронавирусту Жапонияда 1030 киши жуктурган. Оорудан 12 адам набыт болду. Ооруга кабылгандардын басымдуу бөлүгү (706 адам) Diamond Princess круиз лайнеринин жүргүнчүлөрү жана экипаж мүчөлөрү.

Эске салсак, Жапониянын мектептериндеги мөөнөтсүз каникул 2-мартта башталган. Бирок Хонсю аралындагы Симанэ префектурасынын бийлиги "аймакта оору каттала элек деген" жүйө менен мектептерди жабуудан баш тарткан.

Айрым мектептер эгер бала менен үйдө кала турган киши жок болсо, аларды кабыл алышарын билдиришти.

Жапон өкмөтү мөөнөтсүз каникулду окуучулардын жазгы салттуу эс алуусу башталганга чейин улантууну өтүндү. Жазгы каникул Жапониядагы мектептерде март айынын акыркы он күндүгүнө туш келет.
Зарылчылык болбосо мектептер апрелден тарта ишин улантат.