Коронавирус: Жаңы 11 учур катталды. Жалпы илдетке чалдыккандар 430 кишиге жетти

Коронавирус: Жаңы 11 учур катталды. Жалпы илдетке чалдыккандар 430 кишиге жетти

Бүгүн, 14-апрелге карата вирусту жуктурган 11 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

 Алардын ичинен ичинен:

Бишкекте – 8

Чүй облусунда – 1

Жалал-Абад облусунда – 2

Жаӊы учурлардын ичинен 6 аял, 5 эркек.

 

Эске салсак, коронавирустун алгачкы учурлары Кыргызстанда 18-мартта катталган.

Бүгүнкү күндө коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 430 адамга жетти.

Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 93

Ош облусунда – 128

Ош ш. – 59

Чүй облусунда – 28

Бишкек ш. – 77

Баткен облусунда – 5

Нарын облусунда – 34

Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен 230 аял, 200 эркек.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.