Коронавирус: Жеки Чан жугуштуу илдетке каршы вакцина чыгарган кишиге 1 миллион юань төлөп берет
Белгилүү актер Жеки Чан коронавируска каршы дары тапкан адамга 1 миллион юань ($143 миң) төлөп берет. Бул тууралуу ал Weibo социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Актер Кытайга медициналык беткап, коргоочу кийим жөнөтүүдө. Андан сырткары, коронавирустун алдын-алуу жолдорун жайылтуу аракетинде.
«Менин өлкөмө оор болду. Мен азырынча колумдан келген аракетти жасап жатам. Мен баарына даярмын. Тез арада дартка каршы дары иштелип чыгарына ишенем», — дейт Жеки Чан.
Актер дарысын тапкан адамга 1 миллион юань сыйлык берүүгө даяр.
«Мени туура түшүнсөңөр. Бул акча албетте аз. Бирок, мен бош калган көчөлөрдү эмес, өнүккөн шаарларды, капа болгон адамдарды эмес, жашоого машырканып жашап, алдыга кадам таштаган мекендештеримди көргүм келет» — дейт Жеки Чан.
Учурда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 40 миңден ашты. Ал эми ак халатчандардын айтымында вакцинаны даярдаш үчүн бери дегенде эле 8-10 ай керектелет. Анын үстүнө клиникалык изилдөөлөр дагы убакытты алат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: