Коронавирус жугуп калган Караколдун тургуну Индиядан давааттан келген

Коронавирус жугуп калган Караколдун тургуну Индиядан давааттан келген

Вирус жуктурган Караколдун 30 жаштагы тургуну Индиядан 4 айлык давааттан 22-март күнү Бишкекке учуп келген. Бишкек шаарында 3 күн обсервацияга алынган. Алгачкы анализинене коронавирус аныкталбагандыктан, үй карантинге жөнөтүлгөн. Андан соң ал кичи автобус менен Балыкчы шаарына барып, андан ары Каракол шаарына чейин такси менен жеткени айтылат. Ал эми аны менен канча адам байланышканы тууралуу маалымат жок. Алдын ала маалыматка караганда, Караколго келген күнү үйүнө кошуналарын конокко чакырган. Шаардагы кичи райондун бириндеги мечитке барып намаз окуган. Обсервацияга анын жубайы, 3 баласы жана эки балдызы дагы жаткырылганы айтылат.

Эске салсак, бүгүн эртең менен бейтап жашаган Караколдун Кирпич заводу районундагы №55 көп кабаттуу үй курчоого алынганы тууралуу маалымат тараган.

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавируска кабылган  бейтаптардын жалпы саны 216 адамга жетти. Илдеттен 4 адам каза тапты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.