Коронавирус жугуп калган Караколдун тургунунан кызына вирус жуккан

Коронавирус жугуп калган Караколдун тургунунан кызына вирус жуккан

 Каракол шаарында Индияга дааватка барып келген адамдан кызы менен балдызына вирус жукту. Караколдо бүгүн жаңы эки учур катталганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Белгилей кетсек, вирус жуктурган Караколдун тургуну Индиядан 4 айлык давааттан 22-март күнү Бишкекке учуп келген. Бишкек шаарында 3 күн обсервацияга алынган. Алгачкы анализдеринин жыйынтыгынан коронавирус аныкталбагандыктан үй карантинге жөнөтүлгөн. Андан соң ал кичи автобус менен Балыкчы шаарына келген. Ал жактан Каракол шаарына чейин такси менен жеткени айтылат. Обсервацияга анын жубайы, 3 баласы жана эки балдызы дагы жаткырылган.

Эске салсак, бейтап жашаган Караколдун Кирпич заводу районундагы №55 көп кабаттуу үй курчоого алынганы тууралуу маалыматтар чыккан.

Бүгүн, 12-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 377 кишиге жетти.  

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.