12.03.2020 09:00

Коронавирус: Жугуштуу илдетке байланыштуу абал пандемия деп жарыяланды

Коронавирус: Жугуштуу илдетке байланыштуу абал пандемия деп жарыяланды

Жакынкы күндөрү коронавирусту жуктуруп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал. Мындай билдирүүнү күн мурун, 11-мартта дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус тартты. Өпкөнү сезгенткен жаңы вируска байланыштуу абалды ал пандемия деп сыпаттады.

Ушул тушта бул оору дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Илдетти жуктуруп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Коронавирус 4 миңдей адамдын өмүрүн жалмады.

Мунун алдында Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөшкө  көмөктөшүп, Италияга гуманитардык жардам жөнөтөрүн билдирген. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге чамалап, 400дөн ашык киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды. Карантинден улам Украинада, Молдовада, Чехияда, Словакияда жана Грекияда мектептер, окуу жайлары жабылып жатат.

Орусиянын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 10-апрелге чейин эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Түркияда коронавирус жугузуп алган алгачкы адам катталды.

Кытайда болсо бул ооруга кабылгандар кескин азайды - соңку бир күндүн ичинде илдет 19 гана адамдан аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус 80 миңден ашык адамга жугуп, алардын көбү айыгып чыкты.