29.01.2020 09:00

Коронавирус жугуштуу илдетти жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Коронавирус жугуштуу илдетти жуктуруп алгандар көбөйүүдө

Кытайда кооптуу вируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бүгүн, 29-январда, коронавирусту кеминде 5 974 адам жуктуруп алганы белгилүү болду.

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматына ылайык, жалпысынан 29 233 адам ушул вирусту жугузуп алган деп шек саналууда.

Кытай бийлиги оорунун очогу Хубей провинциясына карантин жарыялаган. Өпкөнү сезгенткен оору бул аймактагы 11 млн. эли бар Ухань шаарында былтыр декабрда катталган.

Айрым мамлекеттер аймактагы жарандарын алып кетишүүдө. 28-январда америкалык жарандар отурган учак Аляскага конду, ал жерде вируска кошумча текшерүү болот. Жапония Ухандан 206 жаранын алып кетти.

Өпкөнү сезгенткен вирусту жугузган адамдар Европада, Түндүк Американын жана Азия өлкөлөрүндө да катталууда.