Коронавирус жугузган дарыгерлердин саны 162 кишиге жетти

Коронавирус жугузган дарыгерлердин саны 162 кишиге жетти

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкеркоронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

  • Ош облусунда – 1
  • Ош шаарында – 1
  • Бишкек шаарында – 3.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 162 медициналык кызматкерлер ооруп калышты.  

Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен 302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.

Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.  

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.