Коронавирус жугузган дарыгерлердин саны тынымсыз өсүүдө

Коронавирус жугузган дарыгерлердин саны тынымсыз өсүүдө

Бир сутка ичинде 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Ош облусунда – 4 (Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 1), Ош ш. – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 116 учур катталды.

Бүгүн, 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру аныкталды. СOVID-19 инфекциясына чалдыккандардын жалпы саны 489 кишиге жетти. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 266 аял, 223 эркек.

Жалал-Абад облусу – 93
Ош облусу – 135
Ош ш. – 73
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 102
Баткен облусунда – 5
Нарын облусу – 45
Ысык-Көл облусунда – 8

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда илдеттин жайылышынын туу чокусуна жете турган мөөнөттү 20-24-апрель деп божомолдоп жатат.