Коронавирус жуктургандардан 6 бейтап реанимацияда, бирөөсү өтө эле оор абалда

Коронавирус жуктургандардан 6 бейтап реанимацияда, бирөөсү өтө эле оор абалда

Бүгүн, 4-апрелге карата коронавирус дагы 14 кишиден табылган. Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;
2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;
3. Ошто 63 жаштагы аял – оор абалда;
4. Ошто 60 жаштагы аял – оор абалда;
5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;
6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.

Жалпысынан республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан бейтаптардын саны 144 кишиге жетти.

  • Бишкек – 15
  • Ош ш. – 12
  • Ош облусунда – 35
  • Баткен облусунда – 3
  • Джалал-Абад облусунда – 67
  • Чуй обсусунда – 6
  • Иссык-Куль обслусунда – 2
  • Нарын обслусунда – 4

2-апрелде илдеттен бир адам каза тапкан. Дагы 6 киши оорудан сакайып чыгышты. Калгандарынын абалы канааттандыраарлык экендиги маалымдалат.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.