Коронавирус: Үч бейтап реанимацияда, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду

Коронавирус: Үч бейтап реанимацияда, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду

Бүгүн, 31-мартта коронавируска каршы туруу боюнча Республика штаб илдетке чалдыккандардын абалы боюнча маалымат берди.

“Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Эки жарандын абалы орточо оор, бир жаран жасалма дем алдырууга кошулду”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, акыркы эки күндө 23 (10+13) учур аныкталды, алардын ичинен 4 сырттан келгендер. Калган 19 адам чет өлкөдөн келгендер менен байланышта болгондор, тагыраак айтканда жергиликтүү (ички) жуктуруу.

Жаңы аныкталгандардын арасында 14 жашка чейинки 4 бала бар. 15 учур 5 үй-бүлөлүк очокто жаралган.

Ага ылайык, учурда обсервацияга 1592 адам жайгаштырылган. Алардын жалпы саны 5638 адамга жетти.  Үйдөн байкоого 3870 адам чыгарылды.

Эске салсак, бүгүн, 31-мартта жаңы учурлар Ысык-Көл облусунда дагы катталган. Бардыгы болуп илдетти жуктургандардын саны 107 кишиге жетти.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын 58 аял, 49 эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле 1 жашка чейин эки наристе жана 31 улгайган адам.

25-марттан 15-апрелге чейин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, базарлар жана башка жайлар, мекемелер убактылуу жабылды.